Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Помпео Иордандын Батыш жээгиндеги жөөт конуштарына барды


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бейшембиде Израилдеги сапарынын алкагында Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жөөт конуштарында болду. Ал бул аймакка барган алгачкы мамлекеттик катчы болуп калды. Помпео шарап өндүргөн Псагот ишканасында болду, бул жерде анын урматына «Помпео» деген шарап чыгарылат.

Палестиндер бул сапарга каршы нааразылык акцияларын өткөрштү. Палестин автономиясынын өкүлү муну «опурталуу жагдай» деп сыпаттады.

Палестиндер Израилди «Иордан дарыясынын Батыш жээгин аннексиялап алган» деп айыптап келет.

Майк Помпео андан ары Голан дөңсөөлөрүнө да бармакчы. Тел-Авив Голан дөңсөөлөрүн 1967-жылдагы согушта Сириядан аннексиялап алган. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү анын Израилге таандык экенин тааныган эмес. Бирок Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын администрациясы муну колдогон.

Буга чейин Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп таанып, АКШнын элчилигин ушул шаарга көчүргөн жана Палестинанын Вашингтондогу дипломатиялык кеңсесин жапкан.

Жыл башында Трамп Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча планын жарыялаган. Анда Иерусалим шаары бөлүнгүс бойдон калып, Израилдин борбору катары таанылышы керек. Анын чыгышында болочок Палестина мамлекетинин борбору жайгашууга тийиш экени жазылган. Палестина бул планды дароо четке каккан.

АКШнын шайланган президенти Жо Байден кызматка киришкенден кийин Жакынкы Чыгыштагы саясатты өзгөртөрү айтылып жатат. Бирок Байден буга чейин АКШнын Иерусалимдеги элчилигин кайра Тел-Авивге көчүрүп келбей турганын билдирген.

Палестина автономиясы Иерусалимдин чыгышын болочок борбору катары санап, аны 1967-жылы Израил өзүнө каратып алган деп эсептейт. Жер талаш ондогон жылдарга созулуп, адам өмүрүн алган куралдуу жаңжалдар да болуп келет.

XS
SM
MD
LG