Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү


Конституциялык кеңешмени алгачкы жыйыны. 20-ноябрь, 2020-жыл.
Конституциялык кеңешмени алгачкы жыйыны. 20-ноябрь, 2020-жыл.

20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон сексенден ашык киши катышууда. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев аталган кеңешмеге төрагалык кылууда. Ал алгачкы отурумуда кеңешменин иштөө тартиби, регламант жана башка чарбалык иштер боюнча эрежелерди айтып берүүдө. Ошондой эле кеңешмеде топ-топ болуп иштөөнү сунуштап жатат. Жыйында айрымдар башка Баш мыйзамдын долбоору бар экенин айтышты. Бөрүбашев бул кеңешме Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган Баш мыйзамдын долбоору боюнча иштөөгө укуктуу экенин айтты.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Ошону менен катар Мамытов кеңешме Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келиш үчүн түзүлгөнүн билдирди.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу коюлуп, талкууга чыгарылган жаңы долбоор коомдук-саясий чөйрөнүн кескин сынына кабылган. Саясатчылардын жана эксперттердин бир бөлүгү долбоорду өлкөнү туңгуюкка түртө турган мыйзам катары баалашып, кайра кайтарууну талап кылып жатышкан.

Жарыяланган долбоордо президенттин укуктары кеңейери, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алары, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилери, парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG