Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Беларуста Роман Бондаренконун тажыясы өтүп жатат


Роман Бондаренконун тажыясына миңдей адам келди.
Роман Бондаренконун тажыясына миңдей адам келди.

Беларустун Минск шаарында күч түзүмдөрүнүн токмогунан каза тапкан болушу ыктымал деген 31 жаштагы Роман Бондаренкону акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. «Азаттыктын» беларус кызматы чиркөөдөгү коштошууга миңдеген адам келгенин, көбү ак-кызыл-ак гүл көтөрүп алганын жазды. Бондаренконун сөөгү Түндүк көрүстөнгө коюлмакчы. Гүлчамбарларда «Беларустун баатырына», «Унутпайбыз, кечирбейбиз», «Сен биздин жүрөгүбүздөсүң» деген сыяктуу жазуулар илинген.

Бондаренконун өлүмү менен аяктаган окуя 11-ноябрда Минскиде болгон. Анда беткап тагынган жөнөкөй кийимчен адамдар шаардын короолорунун биринде оппозициянын символу болгон ак-кызыл ленталарды алып салып жатканда Бондаренко жандарына барып, эмне болуп жатканына кызыккан. Аны ошол жактан кармап кетишкен. Кийин токмоктон оор жараат алып ооруканага түшкөн, бирок өзүнө келбей жан берген.

Оппозиция лидери, президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш чыгып, кийин чет өлкөгө кетүүгө мажбур болгон Светлана Тихановская Бондаренкону Беларустун баатыры деп атаган жана анын өлүмүн кылдат иликтөөнү талап кылган.

Бийлик Бондаренко ошол күнү кызуу болгон деп маалымдаган, бирок анын жакындары медициналык тастыктама менен муну жокко чыгарган. Башкы прокуратура Бондаренконун абалы тууралуу маалымат берген дарыгерге «медициналык сырды ачты» деген айып менен кылмыш ишин козгогон жана «шектүүлөр камакка алынды» деп билдирген. Маркум тууралуу жазган TUT.BY сайтынын кабарчысы Катерина Бондаренко тергөө абагына камалган. Бул беларус коомчулугунда дагы талаш-тартышка себеп болгон.

XS
SM
MD
LG