Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Мексика парламенти кара куурайды мыйзамдаштырат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мексика парламентинин төмөнкү палатасы кара куурайды мыйзамдаштырган мыйзамды 19-ноябрда жактырды. Эми аны парламенттин жогорку Депутаттар палатасы карап, 15-декабрга чейин чечимин чыгарышы керек.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери кара куурайды мыйзамдаштыруу уюшкан кылмыштуулукту, жемкорлукту жана зордук-зомбулукту азайышына салым кошорун белгилешет.

Эгер аталган мыйзам кабыл алынса үйдө алты түп кара куурайды өстүрүүгө жана андан алынган 28 грамм затты сактаса болот. Андан көп сактагандарга айып пул салынат же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Марихуананы мыйзамдаштыруу Мексика коомунда талаш-тартыш жаратып келет. Аны жактагандар бул кадам майда-барат кылмыштуулукту азайтарын айтышса, каршы чыккандар балдар жана жаштарды баңгизатты оңой алууга мүмкүнчүлүк түзөт деген пикирди айтышат.

Мындан эки жыл мурун Грузиянын Конституциялык соту кара куурай колдонгондорго административдик жаза чегерген жобону алып салган. Муну менен аталган өлкө мурдагы советтик республикалардын ичинен кара куурайды колдонууну мыйзамдаштырган биринчи мамлекет болуп калган.

XS
SM
MD
LG