Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Доллардын наркын кармоо үчүн Улуттук банк апта бою интервенция жасады


100 долларлык купюра.
100 долларлык купюра.

Улуттук банк АКШ долларынын кымбатташынын алдын алуу үчүн 16-ноябрдан бери күн сайын интервенция жасоодо. Беш күн аралыгында валюта базарына 30,2 миллион доллар сатты.

Доллардын кыргыз сомуна катышы октябрда кескин жогорулап, 1 доллардын баасы 79 сомдон дээрлик 85 сомго жетти. Улуттук банк ушул наркты кармап турууга аракет жасоодо.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда доллардын баасы дээрлик 20% кымбаттады. Январда 1 доллар 69,5 сомго барабар эле. Апрелде коронавирустун фонунда 84 сомго чейин чыгып, кийин 73 сомго чейин төмөндөгөн.

Улуттук банк доллардын наркы кескин өзгөрө баштаганда интервенция жасайт. Ал өсүп кетсе, валюта рыногуна доллар чыгарат. Тагыраагы, коммерциялык банктарга доллар сатат. Мындай кадам менен Улуттук банк валюта рыногунда доллар көп көлөмдө болуп турушун камсыз кылат. Эгер валюта кескин түшүп баштаса, Улуттук банк аны сатып алып баштайт.

XS
SM
MD
LG