Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

«AstraZeneca» өз вакцинасы 90% натыйжалуу болушу мүмкүн экенин билдирди


«AstraZeneca» фармацевтикалык компаниясы вакцинаны Оксфорд университети менен чогуу даярдап жатат.

«AstraZeneca» фармацевтикалык компаниясы Оксфорд университети менен чогуу даярдап жаткан вакцинасынын натыйжалуулугу 90% чейин жетиши ыктымал экенин билдирди. Сыноонун соңку баскычында эки вариантта эмдөө болгон. Биринчисинде, ыктыярчыларга алгач жарым доза, бир айга жакын убакыттан кийин толук доза вакцина берилген. Бул убакта вакцинанын натыйжалуулугу 90% деп көрсөтүлгөн. Британия менен Бразилиядагы сыноо учурунда кандайдыр бир олуттуу учурлар болгон эмес.

Вакцина сыноонун экинчи вариантында толук доза бир айдын ичинде тогуз миңдей ыктыярчыга сайылган жана анын натыйжалуулугу 62% жеткен.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон муну «фантастикалуу жаңылык» деп атады, бирок коопсуздук үчүн текшерүү иштери зарыл экенин белгиледи.

Буга чейин америкалык «Pfizer» фармацевтикалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинасын сыноолор препарат 95% натыйжалуу экенин, ал аялуу топко кирген улгайган адамдарды да коргой аларын көрсөткөнүн билдирген.

«Pfizer» «BioNTech» компаниясы менен чогуу иштеп чыккан бул вакцинасын жакынкы күндөрдө АКШда чукул каттоодон өткөргөнү жатат.

XS
SM
MD
LG