Жекшембиде Беларуста Александр Лукашенконун бийликтен кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылган каршылык акциялары Минскиден сырткары Гродно, Гомел жана Брест сыяктуу бир нече шаарда өттү.
Демонстранттар 22-ноябрда Минскинин бир нече райондоруна чогулушту.
«Весна» укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, жекшембиде өлкө боюнча кеминде 350 демонстрант кармалды. Алардын көбү баш калаа Минскиге туура келет. Кеминде төрт адам милиция бекетинен «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилгени кабарланды. Шаардын айрым райондорунда аскердик автоунаалар кыдырып жүрдү.
Европа Биримдиги беларус бийлигин демонстранттарга каршы репрессияны токтотууга чакырууда. Уюм өткөн аптада куугунтук улана берсе, Беларуска жаңы санкциялар салынарын эскерткен.
Расмий Минск мындай санкцияларга жооп кайтарыларын билдирген.
Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда өлкөнү соңку 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери миңдеген адам нааразылык акциясына чыгып, Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып келет. Күч түзүмдөрүнүн демонстранттарды кууп таратышы, ашкере күч колдонгону жана журналисттердин кармалып-камалганы сынга кабылган.