Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Депутат Акаев бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюуну сунуш кылды


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды оптималдаштыруунун зарылчылыгын белгиледи. Ал мындай пикирин 24-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди. Депутат бүгүнкү күнү өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө муктаждык жок экенин белгилеп, президенттин иш башкармалыгын да азайтууну сунуш кылды:

«Президенттин иш башкармалыгынын бюджети 1 млрд. сомдон ашат. Президенттин аймактардагы резиденциялары максатсыз пайдаланылып же иштебей турат. Бир да президент ал резиденцияга барып, иштеп, элди кабыл алганын уккан жерибиз жок. Кыскартыш керек. Ушуга окшогон керексиз, акча талап кылган, бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюп, азайтыш керек».

Өкмөттүк аппараттын башчысы Бакыт Аманбаев Садыр Жапаровдун өкмөтү сунуш кылып жаткан үч багыттагы оптималдаштыруу, реформа боюнча иш башталганын билдирди. Анын айтымында, бул багытта атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат.

Программанын дагы бир катышуучусу, жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева өкмөттүн комиссиясына аймактардагы эркин эксперттерди кошууну сунуш кылды.

Расмий маалыматтар боюнча, ушу тапта мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда 28 миң адам иштейт. Алардын айлык акысына жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 48 млрд. сом сарпталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG