Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Таласта милицияга 12 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу арыз түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-ноябрь күнү Талас шаарынын тургуну 12 жаштагы кызы зордукталганын милицияга билдирди. Бул маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Милициянын маалыматында: «18-ноябрь күнү Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө Талас шаарынын тургуну кайрылып, 2008-жылы туулган кызы эки жаш өспүрүм тарабынан зордукталганы тууралуу арыз жазган. Арызында ал 17-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында 12 жаштагы кызы 2004-жылы жана 2003-жылы туулган өспүрүмдөр тарабынан зордукталганын билдирген» деп жазылган.

Жергиликтүү милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлады. Анын негизинде соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, тергөө уланып жатат.

Кылмышка шектүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу маалымат таратылган жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG