Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:04

Баткенде 45 жаштагы аял үйдөн чыккан боюнча дайынсыз


Дайынсыз жоголгон аял.
Дайынсыз жоголгон аял.

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова жашаган үйүнөн 23-ноябрь күнү, 20:30дар чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголууда. Жакындары издеп таба албай, милицияга кайрылышкан. Бул факты Баткен шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан бирдиктүү реестрге "Дайынсыз жоголуу" беренеси менен катталып, ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.

Аялды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16 куткаруучусу, 15 милиционер жана жергиликтүү тургундар издеп жатышат. 24-ноябрдагы издөө иштери натыйжа берген эмес. (JsA)

XS
SM
MD
LG