Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Кыргызстандын БУУдагы өкүлү өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берди


Ала-Тоо аянтындагы митинг. Бишкек шаары. 9-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митинг. Бишкек шаары. 9-октябрь, 2020-жыл.

23-ноябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун баш катчысынын орун басары, уюмдун Контртеррористтик башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, баарлашуунун жүрүшүндө Миргүл Молдоисаева маектешине Кыргызстандагы азыркы ички саясий кырдаал тууралуу маалымат берди. Анын ичинде бардык мамлекеттик институттар толук иштеп жатканы, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин болуп өткөн окуялар, мыйзамдарга ылайык өлкөдөгү бийлик тынчтык жолу менен өткөрүп берилгени жөнүндө айтты.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстан менен БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. Тараптар Улуттар уюмунун Глобалдуу контртеррористтик стратегиясын Борбор Азия аймагында ишке ашыруу, анын ичинде мамлекеттердин терроризмге каршы мүмкүнчүлүгүн жана БУУнун бул тармактагы ролун бекемдөөнү сүйлөштү.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митингинен кийин, Кыргызстанда бийлик алмашкан. 6-ноябрга караган түнү тарапкерлери тарабынан түрмөдөн бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаров алгач премьер-министр, кийинчерээк президенттин милдетин аткарууну колуна алган. Жер-жерлерде жергиликтүү бийлик алмашты. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Учурда Кыргызстанда президентти шайлоого даярдык жүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG