Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Башкы прокуратура сабалган баланын укугун коргош үчүн ИИМге сунуш берди


Сабалган баланын бети жашырылган сүрөтү.
Сабалган баланын бети жашырылган сүрөтү.

Өгөй атасы сабаганы айтылган алты жашар баланын окуясы боюнча башкы көзөмөл органы текшерүү жүргүзгөн. Аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда баланын ден соолугуна келтирилген залалды аныкташ үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иштин бардык жагдайларын тактоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Башкы прокуратура бул иште ички иштер органы «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуп, жабырланган балага же анын мыйзамдуу өкүлүнө убактылуу коргоо ордерин бербегенин аныктаган. Маалыматка караганда, убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтен, коргоочу башка мекемелерден үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жана башка жардамдарын алууга укук берет. Аталган ордер милдеттүү тартипте, зомбулук фактысы аныкталган учурдан тартып 24 сааттын ичинде берилүүгө тийиш. Натыйжада башкы көзөмөл органы Ички иштер министрлигине кайрылып, бул мүчүлүштүктү жоюуну сунуш кылды.

18-ноябрда Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө 2014-жылы туулган бала денесинде түрдүү жаракаттары менен келип түшкөн. Апасынын көрсөтмөсүндө айтылгандай, аны 17-ноябрда өгөй атасы мас абалында келип сабаганы тастыкталган. Бул окуя Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Жоруктар кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») менен бирдиктүү реестрге катталган. Учурда бул иш Сокулук райондук милициясында сотко чейинки териштирүүгө алынды.

25-ноябрь күнү Сокулук райондук соту алты жашар баланын токмоктолгону үчүн шек саналып жаткан жарандын бөгөт чарасын карап, камакка алган жок. Ага башка жакка кетпөө жөнүндө тилкат жаздырып алды.

Сабалган баланын апасынын юристи Шердор Абдыкапаров 23-ноябрда сабалган баланын апасы күйөөсүнө доосу жок экенин, милицияга тосмо арыз жазганын билдирген. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы болсо баланын апасы милицияга тосмо арыз жазбаганын кабарлоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG