Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Токтогул суу сактагычында 13,966 млрд. куб метр суу бар


Токтогул суу сактагычы. Июнь, 2020-жыл.
Токтогул суу сактагычы. Июнь, 2020-жыл.

«Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, 26-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү - 13 млрд. 966 млн. куб метр. Былтыр ушул күнү суу чөйчөктө 16 млрд. 393 млн. куб метр суу болгон.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын маалыматына караганда, Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында Кыргызстан 5-ноябрдан тартып Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып ала баштады.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд. куб метрден ашуун суу батат. Суу сактагычка толгон суунун көлөмү 2010-2011-жылдары 19 млрд. куб метрден ашкан. Ал эми 2007-08-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, бийлик элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG