Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Генералдык штабдын башчысы Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы менен жолугушту


Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапин(солдо) жана Кыргызстандын Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев (оңдо). 27-ноябрь, 2020-жыл.
Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапин(солдо) жана Кыргызстандын Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев (оңдо). 27-ноябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев бүгүн, 27-ноябрда Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапин менен жолукту. Жолугушуу учурунда Таалайбек Өмүралиев Орусия Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү экендигин, эки өлкөнүн ортосунда ар тармактуу кызматташуу өнүгүп жатканын, анын негизинде аскердик жана аскердик-техникалык тыгыз кызматташуу түзүлгөнүн белгиледи. Ал буга аскерлердин ыкчам жана күжүрмөн даярдыгы, аскер кызматкерлерин окутуу, керектүү жабдыктарды кайтарымсыз жеткирүү жаатындагы биргелешкен иш-чаралар далил боло аларын айтты. Өмүралиевдин айтымында, бүгүнкү күндө тараптар кыргыз-орус аскер кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө багытталган келишимдик документтердин пакети иштелип жатканын баса белгиледи.

Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал эми Башкы штаб башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев менен Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапиндин 27-ноябрдагы жумушчу жолугушуусунда Борбор Азия аймагындагы аскердик-саясий кырдаал тууралуу сөз болду. Мындан тышкары алдыдагы беш жылдык мөөнөткө Кыргызстандын армиясынын кубатын жогорулатууга багытталган жол картасынын долбоорун даярдоо тууралуу сүйлөшүлдү.

Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза. Ал 2003-жылы Канттагы эски аскер аэродромунун базасында ачылган. 2012-жылы Орусиянын өлкөдөгү аскердик жайлары бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген. Ага Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдүн Койсары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

2017-жылы Москва менен Бишкек орустардын аскердик базасын 15 жылга калтырып, аны ар беш жыл сайын автоматтык түрдө узартып турууну макулдашкан. Канттагы аба базасындагы контингенттин саны айтылбайт. База Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) компоненти деп саналгандыктан, Кыргызстанга акча төлөбөйт. Болгону ижара акысы үчүн жылына 4,5 млн. доллар төлөм белгиленген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG