Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:42

Арстанбаптын жүздөй тургуну корукту жоюуну талап кылып митингге чыкты


Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр айыл тургундарынын митинги. 27-ноябрь, 2020-жыл.

Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр токой чарбаларынын тургундары 27-ноябрда Гүмкана айылында тынч митинг өткөрүштү. Митингге Арстанбап, Гүмкана, Кызыл-Үңкүр айылдарынан 100дөй адам катышты.

Акцияга чыккандардын бири Ниязбек Токтонбетов мал багып күн көргөн тоолуктардын жайыты жоктугун, «Дашман» жаратылыш коругу элдин пикирин эске албай, жалган кол коюулардын негизинде уюшулганын билдирди.

Митингге чогулгандар ««Дашман» жаратылыш коругун элдин кызыкчылыгы эске алынбай түзүлгөн жана өз милдетин аткарбайт» деп белгилешип, аны жоюуну талап кылышты. Чогулгандар айтылган талаптар аткарылбаса, бир айдан кийин кайра чогуларын айтышты.

Бул корук аталган эки токой чарбанын аймагында 2012-жылы өкмөт токтому менен куралган.

2012-жылы өкмөттүн буйругу менен Базар-Коргон районундагы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр токой чарбаларынын базасында 4,5 миң гектар токой аянтында «Дашман» коругу түзүлгөн. Коруктун айланасында 30 миңдей калк жашайт.

Жергиликтүү эл менен «Дашман» коругунун директору Кеңешбек Пиназаров жолукту. Ал 2012-жылы түптөлгөн корук, токойду сактап калуу аракети болгонун айтты. Ал аймакты мыйзам чегинде көзөмөлдөп жатканын билдирди. (TB\ErN)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG