Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Кашмирдин Индиянын көзөмөлүндөгү бөлүгүндө жарым автономиялык укугу жоюлгандан бери алгачкы шайлоо өттү


Тарыхый Кашмир чөлкөмүнүн азыркы картасы. Мында Жамму жана Кашмир чөлкөмүнүн батышында - Азад Кашмир ("Эркин Кашмир") аймагы.
Тарыхый Кашмир чөлкөмүнүн азыркы картасы. Мында Жамму жана Кашмир чөлкөмүнүн батышында - Азад Кашмир ("Эркин Кашмир") аймагы.

Кашмир чөлкөмүнүн Индиянын көзөмөлүндөгү бөлүгүндө 28-ноябрда, ишемби күнү, ызгааруу сууктун жана коопсуздук чараларынын шартында жергиликтүү жарандык шайлоонун алгачкы баскычы өткөрүлдү.

Былтыр Индиянын премьери Нарендра Моди жетектеген индуисттердин улутчул партиясынын өкмөтү бул аймактын жарым автономиялуу макамын жоюп салган. Аймактын өзүнчө Башмыйзамы жокко чыгарылып, аймак 2019-жылдан тартып эки башка федерациялык аймакка – Жамму менен Кашмир акимдик чөлкөмүнө жана Ладакх акимдик чөлкөмүнө жиктелген болчу.

Мусулмандар басымдуу көпчүлүктү түзгөн индиялык Кашмир аймагынын калайыгы тополоң чыгарганда, Индия өкмөтү коменданттык саат киргизип, калайыкка ар кыл кысымдарды уюштурган.

Эми бул окуялардан кийин уюштурулган жергиликтүү шайлоолор катаал коопсуздук чараларынын шартында жүргүзүлдү. Добуш берүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ансыз да аскерге толгон аймакка он миңдеген жоокерлер жөнөтүлдү.

Индиянын Кашмир аймагындагы башкаруусуна каршы чыккан жергиликтүү жикчилер мурдагы учурларда мындай шайлоолорду “мыйзамсыз” санап, аларга бойкот жарыялап келишкен.

Жикчил козголоңчулар 1989-жылдан бери бул аймактагы Индиянын үстөмдүгүн кулатуу үчүн уруш жүргүзүп келишет. Кашмирдеги мусулмандардын көпчүлүгү бул аймакты Пакистандын үстөмдүгү астындагы Кашмирдин батыш бөлүгүнө кошууну, же болбосо, өз алдынча мамлекет түзүүнү каалашат.

Индиянын бийлиги Кашмирдеги жикчилерди “Пакистандын колдоосуна ээ болгон террорчулар” деп баалап келет. Пакистандын бийлиги мындай доолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG