Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Кашмирде кайрадан чыңалуу


Кашмирдин Пакистанга баш ийген аймагындагы курмандыктар менен коштошуу зыйнаты. 20-октябрь, 2019-жыл.
Кашмирдин Пакистанга баш ийген аймагындагы курмандыктар менен коштошуу зыйнаты. 20-октябрь, 2019-жыл.

Дем алыш күндөрү Пакистан менен Индиянын ортосундагы кезектеги куралдуу кагылышуудан кеминде он адам каза тапты. Окуянын чоо-жайы боюнча эки тараптан карама-каршылыктуу маалымат келип жатат.

Жекшемби күнү Кашмирдин Пакистанга караган аймагында куралдуу чатакта курман болгон эки тургун жерге берилди. Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты Индияны айыптаган нааразылык акциясы менен коштолду.

- Үйлөрүбүз талкаланды. Туугандарыбыз снаряд чабуулунан мерт болду. Биз ансыз да жакыр жашайбыз. Эки эркек бир тууганым, бир жээним каза тапты, - деди курман болгондордун жакын тууганы Султана Каусер.

Пакистан армиясы билдиргендей, 19-20-октябрь күндөрү болгон чабуулдан Кашмирдин Исламабадга баш ийген аймагында алты жайкын тургун жана бир аскер каза тапты. Кеминде баш адам жарадар болду. Пакистан армиясынын басма сөз өкүлү Асиф Гафур «Твиттердеги» билдирүүсүндө соңку чабуул үчүн Индияны айыптады.

- Индиянын негизсиз снаряд чабуулдары Жура, Шахот жана Носери секторлорундагы жайкын тургундарды атайылап бутага алды. Ага тиешелүү жооп кайтарылды. Индиянын тогуз аскери өлтүрүлдү. Бир нече адам жаракат алды. Индиянын эки бункери талкаланды, - деди генерал-майор Асиф Гафур.

Кашмирдин Пакистанга баш ийген аймагы аткылоодон кийин. 20-октябрь, 2019-жыл.
Кашмирдин Пакистанга баш ийген аймагы аткылоодон кийин. 20-октябрь, 2019-жыл.

Бирок Индия мерт болгон аскерлеринин саны жана окуянын чоо-жайы боюнча башкача маалымат берди. Нью-Делинин армия өкүлдөрү тескерисинче Пакистан Кашмирдин Индияга баш ийген бөлүгүндөгү Купвара районундагы чек ара бекеттерине жана жайкын тургундарына сокку урганын, натыйжада Индиянын бир жоокери жана эки жайкын тургун каза тапканын билдиришти.

- Пакистан армиясы атышпоо тууралуу эрежени көп жолу бузду. Алар майда курал-жарактарды, чоң калибрдеги куралдарды, миномётторду да колдонуп, снаряд атышты. Алар атайын эле айылдын тургундарын бутага алышты, - деп билдирди Индия армиясынын коменданты Сандип Жасвал.

Кантсе да бул Индиянын бийлиги Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген аймагынын атайын макамын жокко чыгаргандан берки эң кандуу окуя болуп калды.

Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Пакистан менен саясий элитада хинду улутундагылар басымдуулук кылган Индия 1947-жылы өз алдынчалыкка жетишкенден бери Кашмирди талашып келет. Ушундан улам өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн ортосунда үч жолу ири согуш чыккан.

Индиянын Кашмирдеги аскердик күчтөрү.
Индиянын Кашмирдеги аскердик күчтөрү.

Бирок аймакта майда кагылышуулар токтобой келет. Сентябрь айында эле Пакистан менен Индиянын куралдуу күчтөрүнүн кезектеги атышуусунан эки киши мерт болгон.

Учурда Кашмир аймагын иш жүзүндө үч мамлекет башкарып келет. Аймактын түндүк-батышы Пакистанга баш ийсе, түндүк-чыгыш тараптагы бир аз бөлүгүн Кытай көзөмөлдөп турат. Кашмирдин түштүгүндөгү Жамму жана Кашмир аймагы болсо өзгөчө макам менен Индиянын курамында болууну чечкен.

Быйыл 5-августта Индиянын өкмөтү Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарып, муну аймактагы «жикчилдиктин, террорчулуктун жана тууганчылыктын» тамырын кыркуу аракети менен түшүндүргөн.

Атайын макамга ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган Жамму жана Кашмир штаты өзүнүн Баш мыйзамы менен иш алып барып, тышкы саясат, коргонуу жана коммуникация тармактарынан башка бардык маселелерде Нью-Делиден өз алдынча чечим кабыл алып келген эле. Индиянын мындай макамды жокко чыгарган чечими Пакистандын кескин нааразылыгына себеп болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG