Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

Будапешттеги музей башчысы Жорж Соростун ишмердигин нацисттик газ камераларына салыштырганы үчүн сынга кабылды


Петёфи адабият музейинин көрнөгү. Будапешт.
Петёфи адабият музейинин көрнөгү. Будапешт.

Венгриянын борору Будапешт шаарындагы алдыңкы ажайыпканалардын бири болгон Петёфи адабият музейинин башчысы кайрымдуулук иштеринин уюштуруучусу, америкалык миллиардер Жорж Соросту Адолф Гитлердин Германиядагы нацисттик режимине салыштырып жазган макаласы үчүн кескин сынга алынууда.

Венгриядагы өкмөттү жактаган origo.hu интернет басылмасында жарык көргөн макаласында Силард Деметер мырза Жорж Соросту “либерал фюрер” деп атаган жана ал Европаны “газ менен уулантуучу камерага” айлантып жатат, деп айыптаган.

Борбордук Европадагы жөөттөрдүн америкалык комитети Силард Деметердин Венгрияда туулуп-өсүп, Холокосттун азабын жон териси менен тарткан Жорж Сорос тууралуу жарамсыз салыштыруу келтиргенин кескин сынга алды. Анын пикирин аталган комитет "тарыхты билбеген түркөйлүк жана Холокосттун мүшкүлүн азайтып көрсөтүү аракети" деп баалады.

Өз макаласында Силард Деметер Евробиримдик менен Венгриянын бюджет жаатындагы талаш-тартышы тууралуу кеп козгоп, Венгрия менен Польшаны “жаңы мезгилдин жөөттөрү” деп атаган. “Көп маданияттуу ачык коомдун капсуласынан уулуу газ таркап жатат. Бул (уулуу газ) европалык турмуш таризин өлүмгө кириптер кылчудай. Биз, Европа элдери, бири-бирибиздин башыбызды тебелеп, абанын акыркы жутуму үчүн күрөшүү жазмышына кептелдик”, – деп Деметер жазган.

Деметер – азыркы венгр өкмөт башчысы Виктор Орбан дайындаган музей башчысы. Орбандын өзү да Жорж Соросту либералдык иш-аракетти каржылап жатат деп сынга алып келген. Орбан мырза Соросту Европаны мусулман мигранттарга толтургусу келет, анын аркасында улуттук өздүктү жоюуну самайт, деп айыптап чыккан.

Венгрия менен Польша Евробиримдиктин көп жылдык бюджети жаатындагы сүйлөшүү жүрүмүн кечеңдетип келишет.

XS
SM
MD
LG