Орусиянын белгилүү илимпоздорунун бири, академик Владимир Фортов 29-ноябрдын таңында коронавирустун айынан дүйнөдөн кайтты.
2013-2017-жылдары Орусия Илимдер академиясын жетектеген академик Владимир Евгеньевич Фортов (1946 —2020) тыгыз плазмадагы кубаттуу толкун соккусунун физикасы жана заттардын адаттан тышкаркы абалдары боюнча эмгектери менен маалым.
Орусия Илимдер академиясынын вице-президенти Владимир Иванов академик Фортовдун өлүмү ата мекендик жана дүйнөлүк илим үчүн оор жоготуу болду, деп билдирди. 74 жашка чыккан академик соңку учурда коронавируска кабылып, ооруп жаткан.
Орусияда акыркы суткада коронавируска кабылгандардын саны 26 683 кишиге көбөйдү.
Европа континентинде 28-ноябрда коронавирустун айынан дүйнөдөн кайткандардын саны 400 миңдик чектен өткөнү кабардалууда.
Учурда Европанын 5 өлкөсү бул алааматтан өзгөчө жабыр тартты: Улуу Британия - 57 551 кишиден, Италия - 53 677, Франция - 51 914, Испания - 44 668 жана Орусия - 39 068 кишиден айрылышты.