Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Жоомарт Оторбаев: «Мыйзам менен жашаганды билбесе Кыргызстан өнүкпөйт»


Жоомарт Оторбаев, мурдагы премьер-министр.
Жоомарт Оторбаев, мурдагы премьер-министр.

«Project Syndicate» журналына Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин өлкөдөгү саясий кырдаалды талдаган блогу жарыяланды. «20 жылдын ичинде үч революцияны ишке ашыруу аркылуу кыргыз эли коррупциялашкан режимди өтө тез кулата алчу сапатка ээ экенин далилдеди. Бирок режимди талкалагандай, мамлекетти кайра курганды үйрөнө албаса саясий башаламандык жана мамлекеттүүлүктү жоготуу коркунучунда турат» деп жазды Оторбаев.

Экс-премьер 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин келип чыккан башаламандык, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, Сооронбай Жээнбековдун бийликтен кетиши, Садыр Жапаровдун бийликке келиши, 10-январга пландалган президенттик шайлоо менен конституциялык реформа тууралуу оюн айткан.

«Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртсө эле баары жомоктогудай өнүгүп кетет деген уламыш бар. Тилекке каршы, конституциялык өзгөртүүлөр коом аны толук аңдап, андагы жазылгандарды жүзөгө ашырмайын өнүккөн жашоого алып барбайт. Акыркы апталардагы өтө тез өзгөргөн окуялардан улам эл аралык коомчулук Кыргызстандагы башаламандыктан чочуп турат» деген.

Жоомарт Оторбаев 2014-жылы март айынан 2015-жылдын апрелине чейин Кыргызстандын премьер-министри болуп иштеген. Бир катар эл аралык каржы уюмдарында кл, кеешчи болуп иштеген, бир катар эл аралык окуу жайлардын профессору. (BCh)

XS
SM
MD
LG