Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

«Саясий репрессияларга каршы комитет» Талант Мамытовго кайрылды


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соту. (Архивдик сүрөт).
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соту. (Архивдик сүрөт).

Жарандык активист Адил Турдукулов баштаган «Саясий репрессияларга каршы комитет» саясий жүйөсү бар иштерге калыс сот чечимин талап кылуу, алардын ишин ачык соттук отурумдарда кароо өтүнүчү менен президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылды.

Кайрылууда саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Аида Салянова, Дастан Сарыгулов, Марат Султанов, Бекболот Талгарбеков, Тойгонбек Калматов сыяктуу саясатчылардын соттук иштери создуктурулуп, ошол эле маалда Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Камчыбек Ташиевди актоодо соттор тездик менен иштегени айтылат.

«Кой-Таш окуялары боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Дамир Мусакеев, Канат Сагымбаев, Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев дагы эле камакта жана үй камагында отурушат. Саясий чечимдердин айынан Кубаныч Кадыров менен Бектур Асанов президенттик шайлоого катыша албай, Баш мыйзамдагы негизги укугу бузулду. Бул жагдай 10-январдагы шайлоонун легитимдүүлүгүнө таасир этет. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жогоруда аты аталган саясатчылар боюнча сот адилеттүүлүгүн, ачыктыгын президенттик шайлоого чейин камсыз кылууга чакырабыз. Бул жагдай өлкө ичинде жана чет жакта президенттик шайлоону расмий таанууга өбөлгө болот. Азыркы бийлик буга кызыкчылыгы болушу керек» деп айтылат кайрылууда.

«Саясий репрессияларга каршы комитеттин» бул кайрылуусуна Талант Мамытов жетектеп жаткан Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат комментарий бере элек.

4-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон саясий партиялар жана алардын тарапкерлери митинг уюштуруп, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү көпчүлүк Жогорку Кеңеш, президенттин аппараты жайгашкан имаратты ээлеп алып, камакта отурган саясатчыларды бошоткон.

Кийинчерээк парламент түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаровду премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу кылып бекиткен. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын 15-октябрда өткөрүп берген.

Октябрь окуялары боюнча кийинчерээк кылмыш иштери козголгон.

Ал эми коомдук-саясий чөйрөнүн сынына кабылып жаткан Конституциянын жаңы долбоору менен аны референдумга алып чыгуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 80 депутаттын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG