Иранда киши колдуу болгон белгилүү окумуштуу-физик, Мохсен Фахризаденин зыйнаты өттү. Ислам жумуриятынын мамлекеттик телеканалы Коргоо министрлигинин короосунда бир катар расмий адамдардын катышуусунда өткөн тажыяны түз көрсөттү.
Окумуштуунун машинеси 27-ноябрда башкалаанын жака белинде буктурмага кабылган. Иран бийлиги анда жүк ташыган машинеге коюлган бомба жарылганын, андан соң куралчан адамдар Фахризадеге ок атканын маалымдаган.
Тегеран кол салуу үчүн Израилди айыптап келатат жана өч аларын эскерткен. Тель-Авив бул окуя боюнча үч ката элек.
Көптөрү Тегерандын ядролук курал жасоо аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу катары баалаган кылмыш үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган жок. Иран атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөй турганын айтып келет.
Буга чейин Израил Фахризаде Ирандын атомдук программасынын жетекчиси болгонун, мындан улам 2008-жылы Вашингтондун санкциялык тизмесине киргенин билдирген.
Көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде Тегерандын атаандаштары окумуштуунун киши колдуу болушун айыптап жатат.