Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Өзбекстан Сириянын лагерлериндеги жарандарын алып келет


Өткөн жылы Өзбекстан Сириядан 220 адамды алып келген. Алардын көбү аялдар менен балдар.
Өткөн жылы Өзбекстан Сириядан 220 адамды алып келген. Алардын көбү аялдар менен балдар.

«Reuters» агенттиги Өзбекстандын өкмөтүндөгү булактарына таянып, Ташкент Сирияда лагерлерде кармалып турган жарандарынын бир тобун алып келүүгө кам көрүп жатканын жазды. Ага ылайык, өзбек делегациясы аталган өлкөнүн күрддөр көзөмөлдөгөн аймагындагы эки лагерди кыдырып, негизинен аялдар менен балдардан турган 100дөй кишини алып кетүү тууралуу макулдашкан.

«Reuters» агенттигине өзбек өкмөт өкүлү лагерлердеги алардын жарандары «өтө оор абалда жашап жатканын, тамак-аш, суу тартыш экенин, медициналык жардамга муктаж болуп жатканын» билдирген.

Өткөн жылы Өзбекстан Сириядан 220 адамды алып келген. Алардын көбү аялдар менен балдар.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, Сириядагы «Аль-Хол» лагеринде 65 миңден ашык адам кармалып турат. Алардын 28 миңдейи сириялык, 30 миңден көбү ирактык, ал эми калгандары дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн барган жарандар.

Буга чейин Кыргызстандын атайын кызматы Сириядагы лагерлерде 500дөй кыргызстандык кармалып турганын маалымдаган. Былтыр кыргыз өкмөтү Сириядагы балдарды алып келүүгө аракет кыла баштаган, бирок майнап чыккан эмес.

XS
SM
MD
LG