Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

«Твиттер» Таиланд падышасын жактаган аккаунтту жаап салды


Сентябрь айында пайда болгон бул аккаунттун 48 миңдей катталуучусу болгон.
Сентябрь айында пайда болгон бул аккаунттун 48 миңдей катталуучусу болгон.

«Reuters» маалымат агенттиги ал аккаунт соңу жумаларда пайда болуп, падыша Маха Ваджиралоңкорнду жана анын сарайын мактап-жактаган билдирүүлөрдү тараткан миңдеген аккаунттар менен байланышта болгонун аныктаган.

Сентябрь айында пайда болгон бул аккаунттун 48 миңдей катталуучусу болгон. Анын профилинде «Твиттер» аккаунт ыктыярчыларды окуткан «Royal Volunteers» программасына караштуу экени жазылган.

«Reuters» агенттигинин иликтөөсүнө караганда миңдеген аккаунттар падышанын оппоненттерине каршы координацияланган билдирүүлөрдү жайылтып турушкан.

Таиландда монархияга каршы толкундоолор август айынан бери уланып келатат.

XS
SM
MD
LG