Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Ооганстанда кол салуу үчүн шектүү талиб жоочусу өлтүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү 29-ноябрда болгон жардырууну уюштурган деп шек саналган «Талибан» кыймылынын мүчөсүн жок кылышты. Өлкө чыгышындагы Газни провинциясындагы жанкечтинин жардыруусу 30дан ашуун адамдын өмүрүн алган. Бирок Коргоо министрлиги курман болгондордун санын азайтып, 10 эле адам өлгөнүн билдирди.

Газни провинциясында соңку кездери «Талибан» кыймылынын согушкерлери менен ооган армиясынын ортосунда кагылышуулар көп болуп келатат. Аймактагы 19 райондун жарымынан көбү талибдердин көзөмөлүнө өткөн.

АКШ менен «Талибан» быйыл февраль айында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул менен талибдер туткундарды алмашып бүткөндөн кийин оогандардын өз ара ички диалогу башталары жазылган. Бул жараян туткун алмашуу маселесинен улам кыйла кечеңдеп атып, сүйлөшүүлөр 12-сентябрда Катардын Доха шаарында башталган, бирок азырынча илгерилей элек.

Эки тарап ымалага келе баштаганы менен Ооганстанда өкмөттүк күчтөргө каршы чабуулдар, зордук-зомбулук токтой элек.

XS
SM
MD
LG