Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Текебаев: «Ата Мекен» өз идеясы үчүн иштеп жатат


Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоо алдындагы шайлоочулар менен жолугушууда. Сентябрь, 2020-жыл.
Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоо алдындагы шайлоочулар менен жолугушууда. Сентябрь, 2020-жыл.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партия өзүнүн идеясы, парламенттик система үчүн гана иштеп жатканын айтты. Саясатчы бул тууралуу «Азаттыктагы» маегинде айтып, жакында президенттик шайлоого катышарын жарыялап, кайра андан баш тарткан партия мүчөсү Садык Шер Ниязды партия сүрөп чыкпаганын кошумчалады:

«Садык Шер Нияз парламенттик башкаруу системасын колдоп, президенттик шайлоого катышуу боюнча өзү демилге көтөрүп чыкты. Биз анын оюн колдодук. Кийинчерээк Садыр Жапаров менен жолугушуп, шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди. Бул анын тандоосу, партиянын эмес».

Өмүрбек Текебаев октябрь окуяларынан кийин бийликти колуна алган Садыр Жапаров менен бир нече жолу жолукканын ырастады. Ал Жапаров менен сүйлөшүүлөр учурунда «эски бийлик системасын алып келбесеңер колдойм» деп айтканын эскертти.

«Ата Мекен» партиясынын лидери азыркы сунушталып жаткан Баш мыйзамга каршы экенин белгилеп, бул Баш мыйзам мурдагы кызматынан куулган президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев өзгөрткөн Конституциясынан ашып түшөт деп билдирди.

«Бул жол бизди 30 жылга артка алып баратат. Мен бул оюмдан эч качан кайтпайм», - деди Өмүрбек Текебаев.

Шайлоо жыйынтыгына нааразылыктан улам чыккан октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртөрүн билдирген. 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG