Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Текебаев: Референдум тууралуу мыйзам долбоору комитетте каралган жок, аны сессияга чыгарууда регламент бузулду


Өмүрбек Текебаев. 2020-жылдын сентябрь айында тартылган сүрөт.
Өмүрбек Текебаев. 2020-жылдын сентябрь айында тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Өмүрбек Текебаев конституциялык референдум өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору регламент бузуу менен жалпы сессияга сунушталганын билдирди.

Текебаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, мыйзам долбоорун комитеттин талкуусунан өткөрүүгө жетиштүү убакыт бар болчу. Бирок комитетке аны эч ким сунуш кылган эмес.

«Кырдаал курч болгону, убакыт аз болгону үчүн биз көп мыйзамдарды анча-мынча процедураны бузууга барып кабыл алдык. Бирок азыр тынччылык заман. Эч ким эч кайда шашкан жок. Садыр Жапаров «консультативдик референдум болот» деп «7-каналдан» айткандан бери он күн өттү. Он күн ичинде комитеттин жыйынын чакырганга эч ким аракет кылган жок. Комитет мүчөлөрүнө мыйзамдын долбоорун таратып беришкен жок. Бир-бирден кол койдуруп алды. Муну мен алдамчылык жана уурулук деп атайм. Он күн ичинде жок дегенде беш жолу жыйын чакырса болот эле да. Комитет эмес, президенттин аппаратындагылар эле депутаттардын колу-бутун кайрып кол койдуруп алган деп эсептейм».

Өмүрбек Текебаев комитет мүчөсү болуп туруп референдум тууралуу мыйзам долбоорунун жалпы сессияга сунушталганынан кабары болбогонун, аны документ күн тартибине киргизилгенден кийин билгенин, бул аракет мыйзамга каршы келерин, комитеттин жыйынын чакыруу ниети да болбогонун кошумчалады.

Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору чукул түрдө парламенттин 3-декабрдагы сессиясынын күн тартибине биринчи окууга киргизилгенин буга чейин демилгечи депутат Акылбек Жапаров «Азаттыкка» ырастаган.

Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда регламент сакталбаганы боюнча сын-пикирлерге минтип жооп кайтарган:

«Комитетте булар «кворум чогулта албай атабыз, сурамжылоо жолу менен бүтүрөбүз» дешкен. Ошол жол менен бүтүрүштү».

Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, комитеттин корутундусуна ага мүчө 17 депутаттын тогузу кол коюп берген. Мыйзам долбоор сессияда бүгүн каралганы жатат. Айрым депутаттар документ Жогорку Кеңешке келип түшкөнүн айтып, анын көчүрмөсүн Интернеттеги социалдык баракчаларына жарыялашты.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деп жооп кайтарган.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн. (NT/KJ)

XS
SM
MD
LG