Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Клара Сооронкулова чогулткан кол тамгаларын БШКга тапшырды


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты. Бишкек шаары. Архивдик сүрөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты. Бишкек шаары. Архивдик сүрөт.

Президенттикке талапкер болууну көздөп жаткан саясатчы Клара Сооронкулова шайлоочулардын колдору коюлган тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырды жана 1 млн. сом күрөө акчаны 3-декабрда төктү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин 14 жаран кол тамгалардын тизмесин тапшырганы жана БШКнын депозиттик эсебине 1 миллион сомдон акча которгону кабарланган. Алар:

Аймен Касенов;
Бабыржан Толбаев;
Адахан Мадумаров;
Садыр Жапаров;
Равшан Жээнбеков;
Рашид Тагаев;
Элдар Абакиров;
Жеңишбек Байгуттиев;
Арстанбек Абдылдаев;
Курсан Асанов;
Бактыбек Калмаматов;
Мыктыбек Арстанбек;
Абдил Сегизбаев;
Улукбек Кочкоров.

Акыркы маалыматтар боюнча, БШКнын кароосунда учурда президенттик жарышка катышууну көздөгөн 36 жаран бар. БШК алардын топтогон кол тамгаларын жана күрөөсүн тапшыргандыгы тууралуу толук маалымат тарата элек.

Шайлоочулардын кол тамгалары коюлган тизмени жана 1 миллион сомдук күрөөнү тапшыруу мөөнөтү 3-декабрдын соңунда аяктайт. Чогулган кол тамгалар 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу керек. 4-декабрдан тартып БШК тизмедеги коюлган колдордун аныктыгын текшерип, талапкердикке каттай баштайт. Бул жараян 14-декабрда аяктайт.

15-декабрдан 9-январга чейин шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG