Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

"Реформа" партиясы парламенттик шайлоодогу 5 миллион сом күрөөнү кайтарып берүүнү талап кылууда


"Реформа" партиясы 4-октябрда өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) төккөн 5 миллион сом күрөөнү кайтарып берүүнү талап кылууда.

Партия муну добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганы, шайлоо жараяны аягына чыкпай калганы менен түшүндүрдү.

"Реформачылар" ушул өтүнүч менен БШКга кайрылган. Боршайком 28-ноябрда аны аткаруудан расмий баш тарткан.

Аталган партия шайлоодо ат салышуу үчүн 5 миллион сом күрөөнү краудфандинг жолу менен, тагыраагы колдоочуларынан топтогон. "Эгер БШК каражатты берсе, ар бир сомду ээлерине кайтарабыз",- деп жазылган "Реформанын" кайрылуусунда.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия салышып, төртөө утканы жарыяланган. Оппозициялык партиялар жана коомчулук буга каршы митингге чыгып, ал бийлик алмашуу менен аяктаган. БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. 20-декабрга жаңы шайлоо дайындалып, саясий окуялардан улам кийинкиге калтырылган. Эмки шайлоо качан өтөрү дагы эле белгисиз.

БШКнын расмий маалыматына ылайык, «Реформа» партиясы 4-октябрдагы жарандардын 2% жетпеген добушун алган.

Кыргызстандын шайлоо жөнүндөгү мыйзамына ылайык, парламентке барууга ат салышкан партиялар алдын ала 5 миллион сом күрөөнү БШКга берүүгө тийиш. Утуп чыккандарына, башкача айтканда мурдагы эрежеге ылайык 7% ашуун добуш алган партияга күрөө кайтарылат. (SE)

XS
SM
MD
LG