Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Сот эже-сиңди Хачатуряндардын атасына иш козгоого уруксат берди


Эже-сиңди Хачатруяндардын сүрөтү.
Эже-сиңди Хачатруяндардын сүрөтү.

Москва соту тергөөчүлөрдүн эже-сиңди Хачатуряндардын атасы - Михаил Хачатурянга карата кыйноо жана сексуалдык мүнөздөгү иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуусун мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Эже-сиңдилердин адвокаты эгер иш козголсо, кыздар жабырлануучу катары катышарын билдирди. Буга чейин Тергөө комитети кыздардын атасы өлгөндүктөн, ага байланыштуу иш козгогон эмес.

Орусиянын Башкы прокуратурасы атасын өлтүргөн деп шек саналып жаткан эже-сиңдилерден айыпты январда алып салган.

Башкы прокуратура Тергөө комитетин эже-сиңди Хачатуряндарга коюлган айыпты «Киши өлтүрүү» беренесинен «Коргонуу» беренесине өзгөртүүгө милдеттендирген.

2018-жылы 57 жаштагы москвалык ишкер Михаил Хачатурян өз үйүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө байланыштуу ошол кездеги 17, 18 жана 19 жаштагы үч кызы камакка алынган. Тергөөдө Ангелина, Кристина жана Мария күнөөсүн мойнуна алып, мындай кылмышка атасы тынымсыз зомбулук көрсөтүп, күн көрсөтпөй койгонунан барганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG