Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Баткенде мектептин бир имараты өрттөндү


Өрттөнүп жаткан Чоң-Талаа орто мектеби. Баткен. 7-декабрь, 2020-жыл.
Өрттөнүп жаткан Чоң-Талаа орто мектеби. Баткен. 7-декабрь, 2020-жыл.

Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектепте өрт чыгып, бир окуу корпусу толугу менен өрттөнүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, 7-декабрдын таңында чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Өрттү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүргүчтөрү өчүрүшкөн.

Учурда кырсыктын себеби иликтенүүдө.

Жергиликтүү кабарчыбыздын маалыматы боюнча, бул мектепте 330 окуучу окуйт. 1-5-9-11-класстын окуучулары кадимкидей окуп жатышкан. Өрт балдар мектепке келе элек убакта чыккан.

ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, акыркы сутканын ичинде өлкө аймагында тогуз өрт чыгып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыркаган жарандар катталган жок. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG