Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Акысыз юридикалык жардам сурап 4 миңден ашуун адам кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.

30-ноябрдан 5-декабрга чейин жалпы өлкө аймагында жүргөн элге акысыз юридикалык жардам берүү декадасында төрт миңден ашуун адам укуктук кеп-кеңеш сурап кайрылды. Бул тууралуу Мамлекет кепилдик берген юридикалык жардам берүү борборунун жетекчиси Акжол Калбеков бүгүн, 7-декабрда билдирди. Анын айтымында, коронавирус пандемиясына байланыштуу бул жолу акысыз юридикалык жардам берүү онлайн форматта да жүргүзүлдү. Маалыматка ылайык, жарандар менчик укугу, үй-бүлөлүк укук, кылмыш жана жоопкерчилик, административдик эрежелерди бузуу жана социалдык коргоо жаатында, жер, бизнес жана башка маселелер боюнча көп кайрылышты.

Калктын аз камсыз болгон катмарын укуктук жактан коргоону жакшыртуу, маалымат берүү жана алардын укуктарын коргоо максатында жыл сайын өткөрүлүүчү декада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын көмөгү менен уюштурулду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG