Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

Жалал-Абадда оор кылмыштын бетин ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан Бахтигүл Базарматованын сөөгү 6-декабрь күнү Сузак районундагы Чаңгет-Сай суусунун жээгинен табылды. Анын өлүмү үчүн шектүү катары эки жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, шектүүлөр маркум менен сырттан тааныш болушкан. Алар 25-ноябрь күнү Базарматованы шаардын сыртына алып барып, акча талап кылышкан. Акча бербей койгон аялды сүлгү менен муунтуп өлтүрүп, сумкасындагы 32 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып алышкан. Телефонун сууга ыргытып жиберишкен. Сөөгүн суу жээгиндеги таштандыга көөмп кетип калышкан.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүүлөр кармалгандан кийин кылмышын мойнуна алышып, аялды өлтүрүп, көөмп салган жерди көрсөтүп беришкен.

Бул окуя боюнча тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. (TB)

XS
SM
MD
LG