Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жалпы кыргызстандыктар үчүн тарыхый жараян экенин Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү 7-декабрдагы басма сөз жыйынында белгилешти. Конституциялык кеңешменин мүчөсү Мурат Иманкулов Баш мыйзамды өзгөртүү жараянына активдүү салым кошууга коомчулукту чакырды.
«Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр андан ары парламентте, коомчулукта талкууланат. Ошондуктан Баш мыйзамдын ар бир пунктуна киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө кылдат көңүл буруп, аны талкуулоого активдүү катышууга ар бир жараныбызды чакырат элем. Конституция кабыл алгандан кийин да маселе чыкпашы үчүн бүгүн кайдыгер болбошубуз керек».
Конституциялык кеңешменин дагы бир мүчөсү Чолпонбек Абыкеев Баш мыйзамга эл менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдөөчү механизмдерди киргизүү боюнча сунуштар киргизилип жатканын билдирип, бул озуйпаны курултай аткара аларына ишендирди. Анын сөзүнө караганда, курултай мамлекеттик бийликти көзөмөлдөөчү институт боло алат.
Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү жалпы жыйынга ар аптанын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү чогулуп, калган күндөрү секцияларга бөлүнүп иштеп жатышат.
Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда түзүлүп, ишин баштаган.
Ага 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын долбоорун жана аны референдумга чыгаруу маселесин талкуулоо милдети жүктөлгөн.
Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда. Референдумга каршы активисттер жума сайын нааразылык акциясын уюштуруп жатышат.
Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум өтүшү мүмкүн. Мыйзам долбоору шашылыш түрдө Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жалпы жыйынына биринчи окууга киргизилип, бирок кворум жок болгондуктан, депутаттар ал күнү долбоорго добуш берген жок. (ZKo)