Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Бишкекте боз үйгө арналган сүрөт көргөзмө өтөт


Памирдеги боз үй. Иллюстрациялык сүрөт.
Памирдеги боз үй. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Алтынай Осмоеванын «Алачык», «Кут», «Бата» инсталляцияларынын коштоосунда көргөзмө болот. Көргөзмөнү боз үй тууралуу фотосүрөттөр, видеотасмалар толуктайт. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду маалымдады.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө маданий каада-салттарды сактоо жана анын өнүгүшү, мурастарды чагылдырган заманбап искусствону өнүктүрүү, жалпы коомду агартуу маселелери талкууланат. Мындан тышкары глобалдык өзгөрүүлөр доорундагы салттуу маданий баалуулуктардын жана кыргыз элинин каада-салт эрежелеринин учурдагы мааниси ортого салынат.

«Боз үй үй-бүлөнүн, кыргыз улутунун жана Кыргызстандагы жалпы элинин биримдигин билдирет. Чексиз ааламда бизди жалпы түндүк бириктирип турат. Маданий мурас өткөн доорго гана эмес, биздин бүгүнкүбүзгө, эртеңкибизге да таандык. Көргөзмөдө көрүүчүлөр өздөрү үчүн кандайдыр бир жаңы нерсени ача алышат деп үмүттөнөм», – деди Алтынай Осмоева.

Көргөзмө Бишкектеги көркөм сүрөт музейинде 11-декабрдан 25-декабрга чейин өтөт. Андан кийин Ош, Нарын, Талас жана Ысык-Көл музейлеринде уланат.

«Куттуу боз үй. Юрта благодатная. The Blessing Yurt» көргөзмөсү «2020-жылдагы искусство чөйрөсүндөгү стипендия» демилгесинин негизинде «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен уюштурулууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG