Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Вице-премьер-министр өз алдынча дарыланууну токтотууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт. «Азаттыктын» коллажы.
Иллюстрациялык сүрөт. «Азаттыктын» коллажы.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева «Твиттердеги» баракчасына коронавирус илдетинен өз алдынча дарылануунун аягы кайгылуу бүтөрүн эскертти. Сурабалдиева өз алдынча дарылануунун кесепетинен Жалал-Абадда тогуз адамдын сегизи көз жумганын белгилеп, ишти иликтөөнү прокуратурага тапшырган.

«Протоколго кирбеген антибиотиктер, гормондор менен дарыланган тогуз адамды жеке бейтапканадан мамлекеттик ооруканага котордук. Сегизи көз жумду», - деп жазды ал.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды коронавирус илдетинен өз алдынча дарыланбоого, оорунун белгилери пайда болору менен дарыгерлерге кайрылууга үндөп жатат.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 7-декабрга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада COVID-19 оорусунан эки адам каза болду. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 297 кишиге жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 293 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 121 киши жана Чүй облусунда - 63, Жалал-Абад облусунда - 30, Ысык-Көлдө - 46 бейтап.

Оору жуккандардын жалпы саны 75 395 адамга жетти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG