Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Баткен: Өзбекстан Кыргызстандан газ да, мунай да өндүрбөйт


Кыргыз-тажик чек арасындагы Катта-Туз мунай кени. Архивдик сүрөт. 2013-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Катта-Туз мунай кени. Архивдик сүрөт. 2013-жыл.

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү «облустун Кадамжай аймагында жер алды менен Өзбекстанга мунай жана газ өткөрүлүп жатат» деген маалыматтарды төгүндөдү. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлагандай, союз мезгилинде, Өзбек ССРи тарабынан курулуп, пайдаланып келген газ, мунай өндүрүүчү скважиналар Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашып, 1400 гектар жерди ээлеп турган.

Маалыматта: «Мунай скважиналарын Өзбек Республикасына таандык «Фергана Нефти» (учурда «Андижаннефти» АК) 1950-жылдан 2011-жылдын 21-майына чейин иштетип келген. СССР маалында 108 скважина иштеп, союз таркагандан кийин өзбек тарап бузуп алып кеткен скважиналардан учурда Кадамжайда 18и калган. Алардын баары 2011-жылдын 21-майынан бери иштебей токтоп турат. Мындан тышкары 1950-жылдан тартып мунайдан бошотулган пласттарга камалган 1 млрд. 500 млн. метр куб газ Фергана өрөөнүн жана Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер, Миң-Чынар, Жаш-Тилек айылдарын камсыз кылып турган. Бирок учурда газ жок», деп жазылган.

Маалыматка ылайык, учурда аймактагы 108 газ сактоочу жай «Узтрансгаз ишканасына таандык. Эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, демаркация иштери толугу менен бүтсө да, обьектилер өткөрүлүп бериле элек болгондуктан, өзбек тарап бүгүнкү күнгө чейин ишканаларынын коопсуздугун кайтарат.

Кыргызстан тарап чек араларды делимитациялоо боюнча Өзбекстан менен өкмөт аралык комиссияга бул маселени чечүүнү талап кылып бир нече жолу кайрылган. Азырынча натыйжа чыга элек.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Катта-Туз мунай кенин да 1974-жылдан бери Тажикстан иштетип келген. 2013-жылы 20 гектарга чукул жерде кара май сордура турган тогуз куур жана табигый газ алуучу беш скважина талашка түшүп, кийин эки өлкөнүн өкмөтү мунасага келген соң тажик тарап кенди таштап чыгып кеткен. 2015-жылы Кыргызстандын Мүлк фондунун чечими менен «Кыргызмунайгаз» ишканасынын эсебине убактылуу өткөрүлүп берилген. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG