Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Новосибирск-Тамчы-Новосибирск чартердик каттамы ачылды


Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча уюштурулган биринчи чартердик каттам. 8-декабрь, 2020-жыл.
Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча уюштурулган биринчи чартердик каттам. 8-декабрь, 2020-жыл.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 8-декабрда «S7» авиакомпаниясынын Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча алгачкы чартердик каттамын жүргүзгөн учакты тосуп алды. Аны менен 169 жүргүнчү учуп келди.

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы бул каттам эми жума сайын бир жолу - шейшемби күндөрү жүргүзүлүп турарын билдирди.

Маалыматка ылайык, Новосибирск-Тамчы-Новосибирск каттамы Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүү максатында ачылды.

Аэропорт пандемия маалында адамдарга коронавирус оорусун жугузбаш үчүн коргонуучу бардык чараларды көрүүдө. (BTo)

 

 

XS
SM
MD
LG