Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:16

Июнь коогалаңында жоголгон куралдар толук табыла элек


Кылмыштуу топтон алынган курал. Ош шаары. Ноябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кылмыштуу топтон алынган курал. Ош шаары. Ноябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

2010-жылкы июнь коогалаңында жалпысынан күч түзүмдөрүнө таандык 1190 курал-жарак жоголгон. Анын ичинен жарымынан азыраагы - 557 ок атуучу курал кайтарылган. 663 курал-жарак эмгиче изделүүдө. Бул тууралуу Башкы штабдын өкүлү бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, июнь окуясындагы башаламандык учурунда ИИМге, УКМКга, Мамлекеттик чек ара кызматына, Башкы штабга таандык курал-жарактар жоголгон.

Июнь окуясында 400дөн ашуун адам киши колдуу болуп, миңдеген адамдар жарадар болуп, 5 миңден ашуун жеке турак жай жана коомдук имараттар талкаланганы расмий жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG