Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:42

Адвокат: Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагына которуу аракети болуп жатат


Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылында. Август, 2019-жыл.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которууга аракет кылып жатканын анын адвокаты Замирбек Жоошев маалымдады. Адвокат ЖАМК мурдагы президенттин ден соолугуна карабай, шарты начар тергөө абагына которуп жатканын «Азаттыкка» билдирди:

«Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгынын начардыгы тууралуу №47 абактын дарыгерлери күбөлөндүргөн кагаздары турганына карабай, аны УКМКнын тергөө абагына которуу аракети көрүлүүдө. 7-декабрда Батукаевдин ишин караган судья Термечиков Алмазбек Атамбаевди атайын кызматтын тергөө абагына которуу боюнча чечим кабыл алган. Атамбаевдин жаза аткаруучу ордун алмаштыруунун зарылчылыгы жок».

Адвокат Жоошевдин бул маалыматына азырынча ЖАМКтын басма сөз кызматынан пикир алууга мүмкүн боло элек.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Адвокаттары анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүнү талап кылышууда.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен.

Алмазбек Атамбаевге Батукаевдин ишинен тышкары Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Мурдагы президент алгач УКМКнын тергөө абагында кармалып турган, быйыл ноябрь айында Бишкектеги №47 абакка которулган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG