Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Текебаев: Регламентти бузуп кабыл алган мыйзам үчүн төрага жооп берет


Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин төрагасы.
Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин төрагасы.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Текебаев парламенттин жыйынын алып барып жаткан вице-спикер Мирлан Бакировго кайрылып, мыйзам бузуу менен алынып чыккан мыйзам долбоорун добушка койгону үчүн төрага жооп берерин эскертти.

Ал бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө долбоор 10-декабрда экинчи окууга регламентти бузуу менен киргизилгени тууралуу сүйлөп жатып айтты:

«Биз «депутаттар добуш бергенине жооп бербейт» деп, «ура, ура» деп баарына добуш бере беребиз. Депутаттар, сиздер жооп бербейсиздер. Бирок жооп бере турган киши – төрага. Ал Кыргызстанда кызматы эң жогорку адам. Анын милдети - Конституцияны, регламентти так сактоо».

Текебаевдин сөзүнө караганда, комитеттер, фракциялар макул болсо кээ бир мыйзамдар дароо үч окууда кабыл алынат. Алар: эгерде мыйзам Конституцияга каршы келип, ал Баш мыйзамга туураланса, жаңы кабыл алынган мыйзам эски мыйзамга каршы келип калса, мыйзамдын техникалык каталарын оңдогондо, мыйзамдын орусча, кыргызча текстинде ката кетсе, андан тышкары насыядан башка бардык эл аралык келишимдерди үч окууда кабыл алса болот.

Ал эми референдум дайындоо тууралуу мыйзамды дароо үч окууда кабыл алууга мыйзам жол бербейт.

«Регламенттин 55-беренесинин талаптарына ылайык, «ар бир окуунун ортосу 10 күндөн кем эмес болуш керек. Столдун үстүнөн экинчи окууга даяр болгон материалды, комитеттин чечимин да көргөн жокмун», - деп кошумчалады ал.

Вице-спикер Мирлан Бакиров тиешелүү комитеттин отуруму 9-декабрда болгону жөнүндө маалыматы бар экенин, комитет төрагасы ал тууралуу кенен айтып берерин дагы бир жолу кайталады.

Мамлекеттик түзүлүштү аныктоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин отурумунун 10-декабрдагы күн тартибине бешинчи маселе болуп киргизилген. 9-декабрдагы отурумда документтин автору, депутат Акылбек Жапаров мыйзам экинчи окууга алымча-кошумчалар киргизилип чыгарыларын, анда мыйзамга карата сын-пикирлер караларын билдирген.

9-декабрда Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Жыйынга катышкан 62 депутаттын ичинен долбоорго Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова «каршы» добуш беришти.

Жарандык активисттер мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү жөнүндө референдум өткөрүүгө каршы чыгып, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Алар өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешме талкуулап жатат.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтөт. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG