Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан автоунаалардын узун кезеги пайда болду


Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинен өтө албай 150 чамалуу жүк ташуучу автоунаа турганын ошол жердеги айдоочулар «Азаттыкка» кабарлашты. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы да ырастады. Ага ылайык, 11-декабрь, саат 14:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» бекетинде 145 жүк ташуучу автоунаа чек арадан өтө албай турат. Ал эми «Кең-Булуңда» - 33 автоунаа, «Чалдыбарда» - 29 автоунаа чек арадан Казакстан тарапка өтө албай турат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, жүк ташуучу машинелердин өтүшүнө кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок. Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттеринде автоунааларды кезеги байкалган жок.

Казак тарап азырынча Кыргызстандан жүк ташуучу машинелерди өткөрүүнү чектөөнүн себебин билдире элек.

Быйыл жай мезгилинде кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинин жанында казак тарапка өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 300гө жеткен. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кезек күткөндөрдүн саны Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин текшерүүсүнө байланыштуу көбөйүп жатканын билдирген.

Кыргыз өкмөтү чек арадагы мындай абал өнөктөш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келерин маалымдаган. Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер комитети эки өлкөнүн ортосундагы товарлардын экспорт жана импорт тууралуу маалыматтарда 10 эселик айырма бар экенин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG