Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Австриялык киноактёр Кристоф Вальц чакан сериалда Горбачёвдун ролун аткарат


Австриялык актёр Кристоф Вальц «Кишенден бошонгон Жанго» тасмасындагы доктор Кинг Шульцтун ролун аткаргандыгы үчүн "Оскар" сыйлыгын алууда. Голливуд, Калифорния, АКШ. 2013-жылдын 24-февралы.
Австриялык актёр Кристоф Вальц «Кишенден бошонгон Жанго» тасмасындагы доктор Кинг Шульцтун ролун аткаргандыгы үчүн "Оскар" сыйлыгын алууда. Голливуд, Калифорния, АКШ. 2013-жылдын 24-февралы.

Австриялык таанымал кино өнөрпозу Кристоф Вальц (Christoph Waltz) «Paramount» студиясы тарткан жаткан чакан сериалда Советтер Биримдигиндеги реформачыл "Кайра куруулар" доорунун демилгечиси болгон КПСС Борбордук Комитетинин акыркы Башкы катчысы Михаил Сергеевич Горбачёвдун ролун аткармакчы.

СССРдин Президенти Михаил Горбачёв, АКШнын президенти Роналд Рейган жана жубайы Нэнси Рейган. Москва. 1990-жылдын 18-сентябры.
СССРдин Президенти Михаил Горбачёв, АКШнын президенти Роналд Рейган жана жубайы Нэнси Рейган. Москва. 1990-жылдын 18-сентябры.

Бул тасмада анын атаандашы болгон кейипкер – АКШнын 40-президенти Роналд Рейгандын ролун америкалык белгилүү кино өнөрпозу Майкл Дуглас аткарат.

Бул чакан сериалдын окуялары президент Рейгандын мурдагы кеңешчиси Кеннет Аделмандын «Рейган Рейкьявикте: Кансыз согушту актаган 48 саат» деген китебине негизделген. Аделман куралданууга көзөмөл башкармалыгынын деректири жана президенттин кеңешчиси эле.

Чакан сериал СССР менен АКШнын лидерлеринин 1986-жылдын 11–12-октябрындагы Исландиядагы саммити тууралуу баяндайт. Дал ушул олуттуу жолугушуу орто жана жакынкы аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча болочокку келишимге жол ачып бергени маалым.

Буга чейин «Ганнибал», «Миллиарддар» сыяктуу шоуларга эпизоддор тартып келген Жеймс Фоули жаңы чакан сериалдын режиссёру болмокчу.

Австриялык актёр Кристоф Вальц азыр 64 жашта. Ал «Оскар» сыйлыгына эки ирет татыган. Биринчисин ал «Арсыз жексурлар» (Inglourious Basterds; 2009) тасмасында нацист полковниктин (штандартенфюрер Ганс Ланданын) ролун мыкты аткаргандыгы үчүн алса, экинчисин «Кишенден бошонгон Жанго» (Django Unchained; 2012) тасмасындагы доктор Кинг Шульцтун ролун аткаргандыгы үчүн алган.

XS
SM
MD
LG