Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Майкл Дуглас “Алтын глобус” алды


Майкл Дуглас.
Майкл Дуглас.

Майкл Дуглас 2019-жылдагы “Алтын глобус” сыйлыгына ээ болгон алгачкы актер болду.

Ал “Телесериалдагы, комедиядадагы жана мюзиклдеги эң мыкты актер” номинациясын утуп алды. Дугласка бул сыйлык “Комински ыкмасы” (The Kominsky Method) сериалында баш каармандын ролун аткарганы үчүн берилди. Бул номинацияга Дугластан сырткары Жим Керри (“Тамашалайм” ("Kidding") сериалындагы ролу үчүн), Саша Барон Коэн (“Америка ким?” ("Who Is America?") сериалы) атаандаш болушкан.

74 жаштагы америкалык актер Майкл Дуглас ушуну менен төртүнчү жолу “Алтын глобусту” алып жатат.

Лос-Анжелесте Кино боюнча басма сөздүн эл аралык ассоциациясынын “Алтын глобус” сыйлыгын 76-жолу ыйгаруу салтанаты өтүп жатат.

“Алтын глобус” сыйлыгы 25 номинация боюнча берилет. Анын 14ү кино, 11и телеэкрандагы эмгектер үчүн ыйгарылат. Серепчилер “Алтын глобус” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгына татыктуу талапкерлер катары баалап келет. (SA/КЕ)

XS
SM
MD
LG