Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

13 жаштагы кыздын атасы райондук соттун чечимине каршы даттанат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тоң райондук соту 13 жаштагы кызды көптөн бери зордуктаган деп шек саналган үч кишинин экөөнү актап, үчүнчүсүнүн жазасын жеңилдеткен чечим чыгарышына кыздын жакындары нааразы. Алар райондук соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп жогорку инстанцияга кайрылмакчы. Бул тууралуу «Азаттыкка» кыздын атасы билдирди.

11-декабрда Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча шектүү 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын айыбын жеңилдетип, башка берене менен соттогон. Жабырлануучу кыздын адвокаты Айнура Асанованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, сот ага карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан.

«Анын зордуктаган күнөөсүн далилдөөчү биологиялык экспертиза турса да анын айыбын жеңилдетип коюшту», - деди адвокат.

Ал эми зордуктоо боюнча шек саналган Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдарды сот буга чейин «иштин курамында кылмыш жок» деген жүйө менен актап жиберген.

Жакындарынын айтымында, кызды бул үчөө көптөн бери зордуктап келишкен, видео менен коркутуп, шантаж кылышкан. Ишти кыздын жакындары ал кош бойлуу болуп калганда гана билишкен.

Тоң райондук сотунун чечими коомчулуктун сын-пикирин жаратты. Жарандык активисттер зордук үчүн шектүүлөрдүн жазасын жеңилдеткен судьяга кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG