Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Президенттик шайлоону 11 миң милиция көзөмөлдөйт


Шайлоодо милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштейт.
Шайлоодо милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштейт.

10-январга белгиленген президенттик шайлоого карата өнөктүктү 11 миң милиция кызматкери көзөмөлдөй турган болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 14-декабрда өткөн онлайн кеңешмесинде чечим кабыл алынды.

Министр Улан Ниязбеков аймактардагы ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө коомдук тартипти сактоо боюнча талкуу уюштурду.

Шайлоого карата ачыла турган 2420 добушкананы милиция катуу көзөмөлгө алып, ошондой эле добуш берүүчү бюллетендерди добушканаларга алып барып, алып кетүү иштерин коопсуз уюштурууну камсыз кылат.

10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо болмокчу. (BCh)

XS
SM
MD
LG