Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Феликс Кулов Садыр Жапаровду шайлоого катышпоого чакырды


Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

Мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Феликс Кулов Садыр Жапаровго кайрылды. Ал өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазган кайрылууда Жапаровду алдыдагы президенттик шайлоого катышуудан баш тартууга чакырды.

«Акыркы чейрек кылымда өлкөнүн экономикасы азыркыдай оор абалга эч качан кабылган эмес. Миллиондогон адамдар оор кризистик шартта жашоого аргасыз. Эл аралык эксперттер бул мүшкүл көпкө созуларын болжолдоп жатат. Премьер-министрлик кызматка келерде сиз, Садыр Жапаров, «элдин жашоосун жакшыртам» деп убада бергенсиз. Бул убада көп нерсеге милдеттендирет. Алтындай убакытты коротпой, элге берген убадаңызды аткарып, президенттик шайлоого катышпоого чакырам», - деген Кулов алдыда өлкө шайлоо, референдумдардын айлампасына түшүп, абдан чоң кыйынчылыктар болорун божомолдогон.

Ошондой эле саясатчы жаңы Конституцияны кабыл алуу көпкө созуларын белгилеп, мындай саясий кыйынчылыктардан улам жөнөкөй жарандардын күнүмдүк жашоосу унутта каларынан чочулуган.

Ал башка талапкерлерге да кайрылып: «Эгер Садыр Жапаров президенттик шайлоого баруудан баш тартса, жеңип чыккан талапкер өкмөттүн ишине кийлигишпей, толук өз алдынчалыкты камсыз кылышы керек. Ал эми парламенттеги депутаттардын басымдуу бөлүгү мурда болуп келгендей эле Садыр Жапаровду колдойт. Конституциялык реформаны жүзөгө ашыруунун курч зарылдыгы болбогондуктан, Венеция комиссиясы баш болгон эл аралык абройлуу уюмдардын сунуштарын эске алуу менен бул маселени Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы шайланганга чейин токтотуп туруу керек», деп жазат.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. БШК ага катышууга ниетин билдирип, тиешелүү шарттарды аткарган 18 адамды 12-декабрда президенттикке талапкер кылып каттап, күбөлүк берди.

9-январга чейин бир айлык үгүт иштери жүрөт.

Кыргызстанда октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялары башталып, башаламандык менен коштолгон. Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, Садыр Жапаров өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеди. Жапаров мамлекет башчылыкка талапкер болууга аттанган соң президенттин милдетин аткаруу парламент спикери Талант Мамытовго жүктөлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG