Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Дүйнө кубогунда Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Балбан Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда жарым финалга чыкты.

Дүйнө кубогу ушу тапта Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.

Тыныбекова 62 килограмм салмакта килемге чыгып, румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду жеңди.

Спорттук күрөш түрлөрү боюнча дүйнө кубогу 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнүн балбандары күч сынашты. Кыргызстандын атынан тогуз балбан тогуз салмак категориясында килемге чыкты.

Балбан Руслан Царев коло байге утту. Жеңил салмактарда 13-декабрда күрөшкө түшкөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг) финалга чыкса, Калы Сулайманов (63 кг) коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Балбандардын беттеши бүгүн, 14-декабрда өтөт.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуудан сырткары Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазаорва жана Нураида Анаркулова да катышууда. Алар 15-декабрда беттешке чыгышат. (GT)

XS
SM
MD
LG