Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:00

Жасалма чет элдик валюта саткан адам кармалды


Жасалма валюта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 14-декабрда Бишкек шаарынан ири суммадагы жасалма АКШ долларын алып жүргөн адамды кармаганын маалымдады.

1969-жылы төрөлгөн К.У. аттуу жаранга карата Жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү («Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасалмалоо»​) боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүү иши башталды.

Табылган чет элдик жасалма валюталары жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө башталды. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG