Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Кыргызстанга мигранттар тогуз айда 2 млрд. долларга жакын которушту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын маалыматына караганда 2020-жылдын тогуз айында чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар өз өлкөсүнө 1,955 млрд. доллар которушкан. Бул былтыркы тогуз айлык көрсөткүчкө караганда 45,5 млн. долларга аз.
Которулган акчанын 97,9% же 1, 914 88 млрд. доллар Орусиядан которулган. АКШдагы кыргызстандыктар 18,39 млн. доллар которушкан. Башка мамлекеттерден 14,64 млн. доллар келген.

Улуттук банктын маалыматына караганда октябрь айында өлкөдөн сыртта жүргөн кыргызстандыктар 226,2 млн. доллар которгон.

2019-жылы Кыргызстанга жалпы 2, 406 млрд. доллар которулуп келсе, 554 млн. доллар сыртка чыгарылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG